ИИМ: Интернетте Президентти катыштырган жасалма видеолор таратылууда (видео)

18-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 29

Интернет тармагында Президентти катыштырган жасалма видео кайрылуулар тарай баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, алдамчылар заманбап технологияларды, анын ичинде жасалма интеллекттин (deepfake) мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, белгилүү адамдардын атынан фейк видеолорду даярдап жатышат. Алардын негизги максаты – жарандарды адаштырып, акча которууга же жеке маалыматтарын берүүгө көндүрүү.

ИИМ жарандарды белгисиз булактардагы видеолорго ишенбөөгө чакырат. Маалыматты мамлекеттик органдардын расмий баракчаларынан гана тактоо, шектүү шилтемелерге кирбөө сунушталат. Ошондой эле интернеттеги видео кайрылууларга таянып акча каражаттарын которбоо жана жеке маалыматтарды бербөө эскертилет.

18-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 29
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X