ИИМ: «Коопсуз өлкө» долбоору аркылуу коомдук жайлар көзөмөлдөнүүдө

2-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 113

Ички иштер министрлиги учурда өтүп жаткан ири иш-чаралардын жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн санариптик видеокамераларды активдүү колдонууда.

Видеокамералар «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында орнотулган. Алардын жардамы менен коомдук жайлардагы кырдаал үзгүлтүксүз көзөмөлдөнүп, укук бузуулардын алдын алууга жана ыкчам чара көрүүгө шарт түзүлүүдө.

ИИМдин маалыматына караганда, санариптик видеобайкоо коомдук тартипти сактоонун жана жарандардын коопсуздугун камсыздоонун маанилүү инструменттеринин бири болуп саналат.

2-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 113
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X