"Эркин-Тоо"

ИИМ: Москвада Орозо айында диаспоралардын өкүлдөрү биргелешкен ооз ачуу иш-чарасын уюштурушту

Москвада ыйык Орозо айында кыргыз-тажик диаспорасынын демилгеси менен биргелешкен ооз ачуу иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага эки өлкөнүн элчиликтеринин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын КМШ мамлекеттер-катышуучуларынын аймагындагы уюшкан кылмыштуулук жана кылмыштардын коркунучтуу түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча Бюросунун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, ошондой эле эки республиканын диаспораларынын өкүлдөрү, аксакалдар, диний ишмерлер жана ар кандай активисттер катышты.

Катышуучулар ынтымакка чакырган бул иш-чараны өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, бардыгына бакубатчылык жана ден-соолук, тынчтык жана бакубатчылык каалашты. Диний ишмерлер ыйык Орозо айы тууралуу сөз сүйлөшүп, бул мезгил ырайымдуулуктун, дуба кылуунун, жек көрүүчүлүктөн, кастыктан алыс болуу мезгили экендигин баса белгилешип, бул жерде ар бир мусулман туура эмес иштерден тыйылуусу, сабырдуу, кайрымдуу, боорукер болушу керектигин айтышты.

Жолугушуунун катышуучулары бири-бирине жакшы ниеттердин аткарылышын, ден-соолук, бакыт-таалай жана өнүгүү каалашып, Кыргызстан менен Тажикстандын элдеринин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо үчүн көп жылдык достук жана жакшы коңшулук мамилелерди чыңдоо үчүн өздөрүнүн пикирлерин айтышты.

Жолугушуу достук жана иштиктүү форматта өттү. Тараптар чек ара аймактарында да, Россия Федерациясынын көп улуттуу чөйрөсүндө да чыр-чатактарды болтурбоо максатында кызматташууну бекемдөөгө ниеттенишүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!