"Эркин-Тоо"

ИИМ: “Нелегал” иш-чарасынын жүрүшүндө мыйзамсыз миграцияга байланышкан 320 факты аныкталды

Үстүбүздөгү жылдын 13-мартынан 17-мартына чейин Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү, миграциялык мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу максатында ыкчам-алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Ички иштер органдарынын башка бөлүктөрү менен биргеликте республиканын аймагында «Нелегал» аталыштагы ыкчам-алдын алуу иш-чараларынын комплексин өткөрүштү. Бул иш-чара мыйзамсыз миграцияны уюштурууну, Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын бузууга байланышкан фактыларды аныктоого багытталган. Бул алдын алуу иш-чараларды өткөрүүдө милиция кызматкерлери соода жана башка объектилерди текшерүүгө алышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен бир катар мыйзам бузуулар аныкталган:
— Мыйзамсыз миграцияны уюштурган 25 факты аныкталган.
— Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузган 5 факты аныкталган.
— Жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн 4 факты аныкталган.
— Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу же транзиттик эрежелерин бузган 142 факты аныкталган.
— Чек арадагы эмгектенген мигранттардын Кыргыз Республикасында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузган 29 аныкталган.
— Кыргыз Республикасына аймагына чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын өлкө ичинде жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузган 116 факты аныкталган.
Жалпысынан мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө 320 факты аныкталган. Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамын бузуулары үчүн жалпы суммасы 1 500 000 сомдон ашык түзгөн айып пул салынган.
Андан сырткары, “Нелегал” ыкчам-алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө издөөдө жүргөн 19 адам кармалып, экстремизмге каршы аракеттенүү багыты боюнча кылмыштын 7 фактысы, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү багыты боюнча кылмыштын 1 фактысы, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн 1 факты аныкталып, 15 ок атуучу курал табылып алынган.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!