Ильич Кулназаров: «Эми эч ким чочуп ойгонбойт»
Журналист Ильич Кулназаров социалдык тармактагы баракчасына кыргыз-тажик чек арасынын такталышы тууралуу пикири менен бөлүштү.
«Жүз жылдан ашуун убакыттан бери чечилбей келген чек ара маселеси акыры өз чечимин тапты. Чек аралар такталып, Баткен элинин тынчтыкта жашоо тилеги орундалды. Бул чоң иште Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев өлкөнүн жетекчилери катары тарыхый жоопкерчиликти өздөрүнө алуу менен чоң маселеге чекит коюшту.
Эми эч ким чочуп ойгонбойт, мекенин таштап качпайт жана эртеңки күнүнө ишеним менен карайт. Кыргызстан үчүн мындай чечимдер абдан маанилүү, анткени өлкөнүн коопсуздугу жана элибиздин тынчтыгы ар бир адам үчүн чоң мааниге ээ.»