Илим – өлкө өнүгүүсүнүн өзөгү болушу керек!

11-ноябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Билим 25

Дүйнөлүк илим күнү 2002-жылдан бери Кыргызстанда 10-ноябрь күнү белгиленип келатат. Ушул күндүн урматына 10-ноябрда Билим берүү жана илим министрлигинде, 11-ноябрда КР Улуттук илимдер академиясында академиктер, илимдин мүчө-корреспонденттери, докторлору, кандидаттары катышкан конференциялар болуп өттү. Илим жаатында ийгиликтерди жаратып келаткан илимпоздор Билим берүү жана илим министрлиги, Улуттук илимдер академиясы жана Президенттин алдындагы Улуттук аттестациялык комиссиянын Ардак грамоталары менен сыйланышты. Андан соң академик Алтай Бөрүбаев сөз алып сүйлөп, it-технология боюнча Кыргызстан Орто Азия өлкөлөрүнөн алдыга кетип баратканын айтты.

Эки ай мурда Жогорку аттестациялык комиссия кайра түзүлүп, Улуттук аттестациялык комиссия болуп Улуттук илимдер академиясынын имаратына көчүп келген. Илимпоздордун баары чогулуп, бир жерде отурганы иштин натыйжасын арттырат. Улуттук аттестациялык комиссиянын төрайымынын айтымында, өлкөнүн илим секторунда 10 миңден ашык илимий кызматкерлер иштейт. Анын ичинде илимдин 1074 доктору, 6 миңге жакын илимдин кандидаттары жана 3 миңге жакын изденүүчү аспиранттар бар. Бул адамдарды республиканын алтын фонду, анын туруктуу өнүгүүсүнүн өзөгү деп атаса боло турганын билдирди.

Илим турган турушунда коммерцияга, бизнеске айланып кетпей турган көрүнүшкө, жаңы ойлорду айтуучу, жаңы табылгаларды ойлоп табуучу күчкө ээ болушу керектиги айтылды.

Сымбат Максутова

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X