Илимпоз Аскар Какеев дүйнө салды

26-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 7

Кыргыз Республикасынын мурдагы билим берүү министри Аскар Какеев 86 жаш курагында каза болду.
Белгилүү илимпоз 1935-жылы Чүй облусуна караштуу Чүй районунун Кегети айылында туулган, 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
Философия илимдеринин доктору (1991), профессор (1992), Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги (1993).
1958–60-жылы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин архив фондунда микрофото көчүрмө лабораториясында улук илимий кызматкер болуп эмгек жолун баштаган. Бир катар илимий институттарда иштеген.
1992-жылдын декабрь айынан тарта президенттик аппараттын жетекчиси, мамлекеттик катчы, өлкөнүн билим берүү министри кызматтарын аркалаган.
2000-жылдан КУУнун ректору, Президенттин кеңешчиси болуп эмгектенген.
Маркумдун жакындарына “Эркин Тоо” гезитинин жалпы жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.

26-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 7
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X