«Империя пиццы» кафелери убактылуу жабылды

25-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 24

Бишкек шаарында «Империя пиццы» кафесинин бардык филиалдары эпидемиологиялык изилдөө үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору маалымдады.

Маалыматка ылайык, иликтөө иштерине бир жумадан ашуун убакыт талап кылынат. Учурда аталган кафелерден тамактанып, ууланып калган жарандардан алынган анализдер лабораторияга жөнөтүлдү. Анын жыйынтыктары 4 күндүн аралыгында даяр болору айтылды.

Эске салсак, 23-24-октябрь күндөрү «Империя пиццы» кафесинин тамагына ууланып 12 адам Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө түшкөн. Анын үчөө жаш балдар.

Бүгүнкүгө алынган маалымат боюнча, аталган кафенин ар башка түйүндөрүндө тамактанып, ууланып калган бейтаптардын жалпы саны 85ке жетти. Учурда бир бейтап стационарда дарыланууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X