«Империя пиццы» кафелеринен уулангандардын саны 179га жетти

26-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 12

Бишкекте жана Чүйдө тамакка ууланып ооруканага түшкөндөрдүн баарынын абалы 26-октябрга карата туруктуу деп бааланып жатканын КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 26-октябрдын саат 11:00нө карата эки күндөн бери медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны 179га жетти, алардын 18и балдар. 50 бейтап ооруканада жатат, калгандары үйүнөн дарыланууда.

Уулангандар 23-октябрда «Империя пиццы» кафесинен тамак алып жегендер экени аныкталды. Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы иликтөө иши аягына чыкканга чейин кафенин бардык филиалдарын убактылуу жапты.

26-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 12
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X