"Эркин-Тоо"

Индия жардамга муктаж

Индия коронавирустун экинчи толкунунун шартында дары-дармектердин жетишсиздигине туш болуп жатат. Мындай абалда эл аралык коомчулук тез арада жардам көрсөтүүнү убада кылды. Тактап айтканда, АКШ Индияга дары-дармектер, ПЧР-тесттер жана жеке коргонуучу менен камсыз кылуунун үстүндө иштеп жатканын билдиришти. ЕБ, Франция, Улуу Британия жана Германия да тез жардам көрсөтүүнү убада кылышты.
Индияда акыркы сутка ичинде 349,691 жаңы учур жана 2767 өлүм катталды, Премьер-министр Нарендра Моди радио кайрылуусунда калкты эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Пример HTML-страницы