Инновациялык кардиохирургия борбору ачылды

9-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 23

Ысык-көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Ден соолук» медициналык-реабилитациялык комплексинин базасында Инновациялык кардиохирургия борбору ачылды. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров көл өрөөнүнө жумушчу сапары менен барган учурда аталган комплексте болуп, бейтаптарга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн борбордун реконструкциялоо иштерин ыкчам баштоону тапшырган болчу.

Маалыматка ылайык, Борбордун базасында жүрөк кемтиги бар наристеге алгачкы акысыз операция жасалды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X