too.kg/wp-content/uploads/2021/04/dst_8313-1.jpg» data-link=»http://erkin-too.kg/investicziya-saluuga-chakyrdy/dst_8313-1/» class=»wp-image-5912″/>
Президент Садыр Жапаров 5-апрелде Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Пак Бён Сок менен жолугушту.
Пак Бён Сок 3-апрелде Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келген. Жолугушууда парламенттер аралык саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун аспектилери талкууланды.
Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы «Борбор Азия — Корея Республикасы» кызматташтык форумуна чоң маани берерин жана анын алкагында биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууга кызыкдар экендигин баса белгиледи. Президент шаарларды жана аймактарды өнүктүрүү, гидроэнергетика, тоо-кен жана текстиль тармагы, өнөр жай, транспорт чөйрөлөрү, туристтик объектилерди, аэропортторду куруу жана башка маанилүү тармактардагы кызматташтыкты арттыруу максатында кореялык ишкерлердин Кыргызстанда болушуна, инвестиция салышына кызыкдар экендигин билдирди. Өз кезегинде Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Пак Бён Сок корей тараптын Кыргызстанга инвестицияларды көбөйтүү ниети бар экенин айтты.
Азизбек ЧАМАШЕВ