Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Кыргызстанга келди

31-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 105

Иран Ислам Республикасынын Президенти Масуд Пезешкиан Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Масуд Пезешкиан ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Иран Ислам Республикасынын Президентине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.

31-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 105
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X