"Эркин-Тоо"

ИШ-ЖУМА / №11 2023-жылдын 14-февралы

Президент Садыр Жапаров Будапешт шаарында

Президент Садыр Жапаров 12-февралда расмий сапар менен Будапешт шаарына (Венгрия) барды. Мамлекет башчысынын учагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортко конуп, Венгриянын Президенттик Администрациясынын башчысы Геркели Эклер тосуп алды. Кечээ Будапешт шаарында Президент Садыр Жапаровдун Венгриянын Президенти Каталин Новак менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Атчан гусарлардын коштоосунда Мамлекет башчысынын кортежи Лайош Кошут аянтына келип, ал жактан аны Венгриянын Президенти Каталин Новак тосуп алды. Ардак кароолдун саламдашуусунан кийин, аскердик оркестрдин аткаруусундагы «Ракоци маршынын» жаңыруусу менен президенттер Будапешт шаарынын гарнизонунун туусунун жанына токтошту. Оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды. Садыр Жапаров жана Каталин Новак Венгриянын туусу менен гербине таазим этип, өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырып өттү. Азем гарнизондун өздүк курамынын, атчан гусарлардын, аскердик оркестрдин салтанаттуу маршы менен аяктады.


Көз карандысыз Кыргызстан үчүн 5-майдын мааниси чоң

Кечээ Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Конституциялык соттун Төрагасы Эмил Осконбаевди кабыл алды. Жолугушууда Конституциялык соттун судьяларын шайлоо жана алгачкы баш мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу өткөрүлүүчү иш-чаралардын планы талкууланды. Төрага Нурланбек Шакиев эгемендүүлүк алган жылдардан бери Кыргызстандын Конституциясы бир нече ирет өзгөртүлүп, жаңыланганын белгилеп: “Бирок, ага карабай алгачкы баш мыйзам кабыл алынган күн тарых бетинде кала берет. Көз карандысыз Кыргызстан үчүн 5-майдын мааниси чоң”, — деди. Конституция талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөөдө жана укук үстөмдүгүн орнотууда Конституциялык соттун салымы зор экенине токтолуп, соттун курамы иш билги, калыс адистерден куралышы керектигин кошумчалады.


УЛУТТУК МЫЙЗАМДАРДЫ САКТОО – НЕГИЗГИ ТАЛАП

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Эркин Европа/Азаттык радиосу медиакорпорациясынын президенти Джейми Флайды анын өтүнүчү менен кабыл алды. Садыр Жапаров Кыргызстанда эркин жана демократиялык өлкө катары көз карандысыз маалымат каражаттарынын толук кандуу иштеши үчүн бардык шарттар бар экенин, сөз эркиндиги болсо коомдун турмушунун ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи. Ошону менен катар бардыгы үчүн бирден-бир талап – бул улуттук мыйзамдарды сактоо экенин, ага ылайык жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынганын баса белгиледи. Өз кезегинде Джейми Флай Мамлекет башчысына жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы сөз эркиндигинин жогорку деңгээлин ырастады.


Акылбек Жапаров өлкөнүн финансы боюнча санариптик «түгөйүн» иштеп чыгууну тапшырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигинин кеңейтилген коллегиясынын жүрүшүндө: ”Өлкөнүн финансы боюнча санариптик «түгөйүн» иштеп чыгып, иште жаңы ыкмаларды колдонуу зарыл. Өткөн жыл жакшы жыйынтыкталды. Ички дүң продукциянын өсүү темпи 919,4 млрд сомду түзүп, 1 трлн сомго жакындап, өсүү 107%ды түздү. Бул көрсөткүчтөр макроэкономикалык туруктуулукту сактоого гана эмес, алдыга жылууга да шарт түзөт”,-деди. Ошону менен бирге биргелешкен күч-аракеттердин натыйжасында финансылык резерв алынганын жана бул көптөгөн чечимдердин, анын ичинде 117 млрд сом өлчөмүндө рекорддук каражат бөлүнгөн антикризистик чаралардын аркасында мүмкүн болгонун белгиледи. Акылбек Жапаров белгилегендей, мамлекеттик сатып алуулар системасын кайра карап чыгуу жана өркүндөтүү зарыл. Мектептердин курулушу, жолдорду оңдоо, пенсия жана жөлөкпулдарды төлөө сыяктуу бардык чыгымдар тууралуу маалыматтар райондук финансылык башкармалыктар аркылуу өтүшү керектигин да белгиледи.


КЫРГЫЗСТАН КЫЗМАТТАШУУГА АЧЫК ЖАНА ДАЯР

Президент Садыр Жапаров 10-февралда өлкөгө расмий сапар менен келген Словения Республикасынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Таня Файонду кабыл алды. Мамлекет башчысы Словениянын тышкы иштер министринин Борбор Азия жана Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүү демилгесин кыргыз тарап жогору бааларын жана словениялык өнөктөштөр менен ар дайым кызматташууга ачык жана даяр экендигин баса белгиледи. Бишкекте өткөн биринчи кыргызсловен бизнес-форумун белгилеп, мындай иш-чаралар эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатууга жана ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы байланыштарды түзүүгө салым кошоорун кошумчалады. Өлкөлөр ортосунда кызматташтык үчүн толук ачыла элек жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу керектигин да айтты. Кыргызстандагы жагымдуу инвестициялык климатка да көңүл буруп, эң артыкчылыктуу багыттары катары гидроэнергетика, тоо-кен өндүрүшү, айыл чарбасы, IT-индустриясы жана туризмди атады. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Борбордук Азия менен бүтүндөй Европа Биримдигинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү биргелешип чыңдоого макулдашты.


IT АДИСТЕРИНЕ ТАЛАП ЖОГОРУ

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Санариптик өнүктүрүү министрлигинин коллегиясында айлык маянасы жогору турган кызматкерлердин катарына IT адистери кирерин жана аларга болгон талап дагы жогору болуп жаткандыгын белгиледи. Ошондуктан, кыска мөөнөттүү IT адистерин даярдап чыгаруучу атайын курстарды уюштуруу сунушун айтты. Учурда көпчүлүк эл Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылаарын, жержерлерде ачылып жаткан калкты тейлөө борборлорунда өзгөчө жөнөкөй жарандарга шарт түзүүнү тапшырды.

Жылдыз ДЫЙКАНОВА
№11 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 14-февралы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!