Исхак МАСАЛИЕВ: «АТАМ ЖАКШЫ ЫРДАЧУ, ДЫЙКАНЧЫЛЫК КЫЛЧУ»
Кыргыз элинин тарыхында болгон өмүрүн элге кызмат кылууга арнап, жашоосунун акырына чейин ак, адилеттүү иштеген замандаштарыбыз арбын. Алардын иштери, эмгеги эл үчүн маалым. Мындай сыймыктуу инсандарыбыздын арасында белгилүү мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиев да бар. Абсамат Масалиевдин кыргыз эли үчүн ак, таза, адилет эмгеги, баскан жолу жаш муундарга үлгү. 15-март Аталар күнүнө карата биз улуу инсандын уулу Исхак Масалиев менен атасы тууралуу маектештик.
— Исхак мырза, атаңыз Абсамат Масалиев үйдө кандай ата, дегеле кандай адам эле?
— Биз төрт бир тууганбыз. Бир эжем, бир иним, бир карындашым бар. Бала кезибизде биз атамды азыраак көрөт элек. Айрыкча партиялык кызматка өткөндөн кийин такыр эле аз көрүп калдык. Эртең менен биз уктап жатканда жумушка кетип, кечинде биз уктагандан кийин келет эле. Бала тарбиялоо, үй жумуштары менен апам алектенчү. «Тентектик кылбай, жаман иштерден алыс болгула. Бейбаштык кылсаңар атаңарга айтам, атаңар капа болот» — деп апам айтчу. Эгер тентектигибизди атам билип калып, бизди урушушунан абдан коркот элек. Биздин эң эле корко турган нерсебиз ушул болчу. Кээде балалык кылып, тентектик жасап алсак ал иш «атама жетпесе экен, атам укпаса экен» деп кабатырланчубуз. Бирок атамдын балдарына кол көтөргөнү бир да жолу эсимде жок. Ал кишинин бизге «Оо!..» деп, бир башкача карап коюшу эле жетиштүү болчу. Адамга бир башкача мамиле жасаган өзүнчө бир тамашакөй жан эле. «Бирөөнү негизсиз капа кылбагыла. Эгер адамды сындаш керек болсо, анын жеке адамдык абийирине шек келтирбей, жасаган иштерин сындаш керек» — дечү. Албетте кийин биз бой жетип, өзүбүзчө үй-бүлө курганда, депутат болуп, саясий турмушка киришкенден кийин башкача мамиле болду. Атам 90-жылдары саясаттан кеткенден кийин, бөтөнчө неберелүү болгондон кийин мүнөзү өзгөрүп, жумшак болгонсуду.
— Мүнөзү кандай эле?
— Мүнөзү биз үчүн жумшак болчу. Үйгө келген адам болобу же көчөдөгү эле адамбы айтор ким болбосун бардык адамга бирдей мамиле жасачу. Адамдын кызматына же дагы башка нерсесине карап мамиле кылчу эмес. Андай адамдарды өтө жаман көрчү. Атам менен сүйлөшкөн адам ким болсо да канааттанып кетээр эле. Ушунча болуп атамдын бирөө жарым менен сөгүшкөнүн же кимдир бирөөнү кагып салганын көргөн жокмун. Өтө эле жинденип, бирөөгө ачууланганда «бу кандай түшүнбөгөн адам» же «сиз түшүнбөйт экенсиз» — деп койчу. Катуу айтканы ушу болчу. Билген кишиге бул сөзү 100 жолу сөккөнгө караганда катуу тиет эле.
— Сиздердин мүнөзүңөрдө окшоштуктар бар беле?
— Мүнөзүбүз окшош деп айта албайм. Мага караганда менин уулум аябай окшош. Атамдын жаш кезине окшоштурам. Бирок атам экөөбүздүн үнүбүз абдан окшош болчу. Эч ким үнүбүздөн айырмалай алчу эмес. Мурда сотка деген жок, кесиптештери, тааныштары үй телефонго чалып, телефонду мен алып калсам, мени атам экен деген ой менен дароо сүйлөй беришет эле. 1996-жылы атам депутат болуп, мен Оштон бул жакка келдим. Кайра Ошко кетишим керек болчу. Убактым аз болуп, самолетко кечигип жаткам. Эмне кылаарымды билбей, айлам кетип, атамдын атын сатып, депутаттык залга телефон чалдым. Чалып эле «мен Масалиевмин» — десем «оо кандайсыз?» деп эле мени менен учурашып калышты. «Азыр Исхак барат, Ошко учушу керек эле, жардам бере аласыңарбы?» десем, «болуптур байке, келе берсин» — дешти. Алар менен антип сүйлөшүп коюп, кайра аэропортко чуркап барып «силерге атам телефон чалдыбы» — десем «ооба чалды, паспортуңузду бериңиз» деп мени Ошко учуруп жиберишти. Ошентип үнүбүздүн окшоштугунан атамдын атын сатып, Ошко учуп кеткем. Бишкекке кийинки келгенде «үнүбүздүн окшоштугунан пайдаланып, ушундай кылгам» -деп атама айткам.
— Ата жолун жолдоп сиз да саясатка аралашып калдыңыз. Бул өзүңүздүн эле тандооңузбу же «уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» дегендей, атаңыздын кеп-кеңеши, көрсөткөн жолу болдубу?
— Бала кезимде дипломат болгум келчү. 1977-жылы мектепти бүтүп, Москвадагы Эл аралык институтка окуп келем дедим. Ошол убакта Чыңгыз Төрөкуловичтин уулу Аскар бизден бир жыл мурда бүтүп, Москвада окуп жаткан. «Москвага барып окубайсыңбы» — деп ал мага айтып калды. Мен дээлигип, ошол ой менен үйгө келип, атама айтсам, унчуккан эмес. Эртеси күнү атам партиянын борбордук комитетинде ошол институтка окууга өтүү эрежелерин билип, толук маалымат алып келиптир. Эреже боюнча ал жакка улуттук союздук республикалардан болсо, борбордук комитеттин корутундусу менен барыш керек экен. «Мен партиялык кызматкер болгондон кийин балдарымдын эч кимиси кайрылбайт, корутунду албайт. Демек, сен дипломат болом деген оюңду өзгөрт» — деп эле мага кыска айтты. Ал убакта атам борбордук комитеттин катчысы болчу. Ошентип атам экөөбүз кеңешип, өзүбүздүн Фрунзедеги окуу жайлардын бирине тарых факультетине тапшыргам. Биз “чоңдун баласы” деген жеңил турмушка көнгөн эмеспиз. Ага атам деле жол бербейт эле. Эжем дарыгер, иним агроном, карындашым ишкерлик менен алектенет. Ал эми мен бажы кызматында иштеп келгем. Тагдыр экен 1999-жылы кызматымды таштап, “Коммунисттер” партиясын жандандырдым. Ошондон баштап саясатка аралаша баштадым. 1999-жылы Ош шаардык кеңешке депутат болдум. 2000-жылы парламенттик шайлоого аракет кылып, Кадамжайдан утушка ээ болдум. Чынын айтканда биздин саясатка аралашуубузга атамдын көп деле көңүлү болгон эмес. Ошентсе да кеп-кеңешин айтчу. «Шашпа, бирөө башкача сүйлөсө капа болбо. Анын да ой-пикирин ук, ачууга алдырба» — деп көп айтчу.
— Белгилүү адамдардын, саясатчылардын эл үчүн жасаган иштерин эл билет. Бирок, андай адамдардын эл билбеген да көмүскөдө өнөрлөрү болот эмеспи. Атаңыздын эл билбеген кандай өнөрлөрү, таланты бар эле?
— Атам жакшы ырдачу. Конокто, тар чөйрөдө жакшы отуруп, мыкты ырдаарын теңтуштары айтып калышчу. Өнөр деп деле айтса болот болуш керек, жашоосунун акыркы жылдарында жерге өтө эле жакын болуп кеткен. Дыйкандын баласы болгондуктанбы, пенсияга чыккандан кийин дачасына бак тигип, ар кандай жер-жемиштерди өстүрчү. Бул анын жакшы көргөн иши болчу. 10-15 мүнөттүк бош убактысы болсо да дачасына барып, өзү эккен жер-жемиштерине, бак-дарагына суу куюп, түбүн жумшартып, отоо чөптөрүн отой калчу. Бакчадагы бардык иштерди өз колу менен жасар эле. Чоң аталарым өмүр бою дыйканчылык кылышкан. Ошондонбу айтор, атам да талаа иштерине, багбанчылыкка өтө жакын эле. Жыл сайын күзүндө тууган-туушкандарды, досторду чакырып жүзүм, алмаларды алдына коюп, түшүм майрамын белгилечү.
— Атаңыз саясатчы болгондон кийин үйүңүздөргө саясаттагы адамдар көп келишсе керек…
— Албетте көп келет эле. Биздин үйгө кимдер гана келген жок. А.Мадумаров, И.Исаков, Ү.Сыдыков, А.Бекназаров, Ө.Текебаев, Турсунбай Бакир уулу, Ф.Кулов сыяктуу саясатчылар келип, атам менен сүйлөшүп, пикир алмашып кетишчү. Ал эми партиялык кызматта иштеп жүргөн убакта бири-биринин үйүнө эч кимиси барбайт эле. Андай тартип жок болчу.
— Достукка кандай мамиле жасаар эле? Кимдер менен жакын достордон болчу?
— «Достук түбөлүктүү нерсе» деп атам достукка абдан чоң маани берчү. Атамдын Москвада чогуу окуган үч досу бар болчу. Анын бири орус улутунан, ал эми берки эки досу кыргыз болчу. Бири кыргыз элине таанымал өндүрүш ишмери Орозбек Дүйшеев, экинчиси эл жазуучусу Өскөн Даникеев. Бул адамдар — атамдын эң жакын кан достору. Үчөө Москвадагы тоо-кен окуу жайында бирге окушкан.
— Кантип эс алчу?
— Жогоруда айткандай бош убактысын дачасына арначу. Эс алуудагы көп убактысы да ошол жерден өтөөр эле. Андан сырткары Ысык-Ата, Жалал-Абад, Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларга барчу.
— Көз алдыңызга атаңыз элестеп, сагынып, кеп-кеңешине, колдоосуна муктаж болгон учуруңуз болобу?
— Албетте болот. Бирок турмуш экен да, айла жок.
— Эч бир ата өз балдарына адептүүлүктөн башка мурас калтыра албайт. Абсамат ага сиздерге кандай тарбия берди? Кандай кеп-кеңештери эсиңизде калды?
— «Кайсы жерде, ким менен жүрбө, силер дайыма адам деген улуу атты алып жүргүлө» деген сөзүн көбүрөөк айтчу. Калп сүйлөгөн адамды жаман көргөндүктөн, бизге дайыма калптан алыс болгула дээр эле. Жанында жүргөн адамдардын калп сүйлөгөнүн билип калса, ал адамга мамилеси 100 пайызга өзгөрчү.
— Белгилүү адамдын уулу болуу чоң жоопкерчиликти талап кылса керек, кыйын болдубу?
— Кыйын, өтө кыйын. Мага ушул суроону досторум, тааныштарым көп берет. Бермек турсун атам экөөбүздү салыштырышат. Ошондуктан жоопкерчилик өтө чоң. Бала кезибизден теңтуштарыбыз кылган нерсени биз кыла албайт элек. Акыл-эс кирип, чоңойгондо деле баскан-турганыбызды ар дайым көзөмөлдөп, эске алып жүрдүк. Атабызга сөз тийгизип албасак дечүбүз.
— 1990-жылы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясынын алдында депутаттар тобу өлкөгө президенттик кызмат киргизилгендигине байланыштуу ага Абсамат Масалиевичтин талапкерлигин коёлу дешсе, өзү каршы чыгып болбой койгон экен. Ошентип, президенттикке Акаев келген дешет. «Абсамат Масалиев элдин кызыкчылыгын коргогон, абдан акыйкат адам эле. Ушул Масалиев эле президент болгондо, биз мындай оор абалга учурабайт элек» — деп эл арасында азыркыга чейин өкүнүп, сөз кылгандар кездешет…
— Туура, атам Абсамат Масалиевге бир нече ирет сунушташкан болчу. Бирок ошол кезде Москва, СССР деген мамлекет бар болчу. Анан атам «мамлекетте бир гана президент болушу керек» — деп болбой койгон. Мындай принцибинен атам өмүрүнүн акырына чейин тайган да, өкүнгөн да жок.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА