Италияда Кыргызстандын элчилиги ачылды
Италияда Кыргызстандын элчилигинин расмий ачылышы болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-ноябрь күнү КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италияга иш сапар менен барып, элчиликтин расмий ачылышы болгон. Салтанаттуу иш-чарага Италиянын тышкы иштер министринин орун басары М. Серени жана ал жакта окуп, иштеп жүргөн кыргызстандыктар катышкан.