Издөөдө жүргөн Тажикстандын жаран Лейлектен кармалды

27-апрель, 2022-ж. / Редакция / Аймак 20

Лейлек райондук милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн Тажикстан жаранын кармашты. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Лейлек районунун аймагында Лейлек РИИБдин кызматкерлери тарабынан “Арсенал” иш-чарасы уюштурулуп, катталган кылмыштардын бетин ачуу боюнча ыкчам иштер аткарылууда.

Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Б.Гафуров районунун тургуну 40 жаштагы М.Дж. Кыргызстандын  аймагында 2018-жылы мыйзамсыз ишкерлик кылуу жана аткезчилик беренелери менен кылмыш жасап, Лейлек РИИБи тарабынан 2018-жылдан бери издөөдө жүргөн.

Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 27-апрель күнү Лейлек районунун аймагында жүргөн жеринен аныкталып, кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

27-апрель, 2022-ж. / Редакция / Аймак 20
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X