Күрөш: Дилназ Сазанова күмүш медаль алды
Кыргызстандык балбан Дилназ Сазанова Россия Федерациясында өткөн Иван Ярыгин кубогунун алкагындагы эл аралык күрөш турниринде күмүш медаль утту.
Спортчу 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, финалга чейин ийгиликтүү жеткен. Чечүүчү беттеште Сазанова Корея Эл – Демократиялык Республикасынан (КЭДР) келген спортчуга утулуп калды.
Иван Ярыгин кубогу дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринен келген балбандар катышкан ири эл аралык мелдештердин бири болуп саналат.