Жер-жерлерде көрктөндүрүү иштери кызуу жүрүп жатат. Ишембиликтердин алкагында айлана-чөйрөнү тазалоо, сырдоо менен кошо эле, район-шаарларда мыйзамсыз курулган курулуштарды бузуу жана иретке келтирүү иштери жүрүүдө.
Бул жвылы жылдагыдан өзгөчөлөнүп ар бир отургузулган көчөттөрдүн көктөшүнө өзгөчө көңүл бурулат. Жалпы элдик ишембиликтерде “Көчөт отургуздуңбу анын көктөшүнө көңүл бөл”- деген чакырыктар айтылууда. Мындан тышкары айрым айыл-өкмөттөрдүн аймагында эски урандар илинген жарнамалар алынган эмес. Андыктан көрктөндүрүүнүн үч айлыгында бул маселеге да олуттуу көңүл буруу зарылчылыгы айтылды.