Көмүр менен камсыздоо иштери качан башталат?

14-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 21

Калкты көмүр менен камсыздоо иштери октябрь айынын башында башталат.
Бул тууралуу “Кыргыз Көмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов билдирди. Анын айтымында чечим кен казуу тармагынын адистери менен кеңешип кабыл алынган. “Жакынкы 10 күндө аба-ырайы көмүр казуу иштери үчүн жагымдуу болот. Андыктан, ошол убакытта казуу иштери жүргүзүлүп, октябрь айынын башында өлкөнүн түндүк аймагына күнүнө 10 миң тонна көмүр алып келүүнү пландап жатабыз”,-деди Мирлан Жакыпов.

14-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X