Көмүрдүн баасы канчадан болууда?

20-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 36

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргызстанда көмүрдүн баасын бекитти. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, көмүрдүн баасы казып алынган жер менен райондон көз каранды.

Бишкектеги жана аймактардагы көмүрдүн баасы:

  • Бишкекте бир килограмм көмүрдүн баасы 5,8 сомдон ашпашы керек. Ал эми бир тоннасы 4 400-4500дөн кымбат сатылбашы керек;
  • Чүй облусу — бир килограммы 5,90 сом. Ал эми бир тоннасы 4 250-4 550 сом;
  • Ош жана Ош облусу — бир килограммы 6,8 сом болсо, бир тоннасы 5000-6000 сом;
  • Жалал-Абад облусу — бир килограммы 7 сом, ал эми тоннасы 4 500-6 500 сом;
  • Нарын облусу — бир килограммы 5 сом, ал эми бир тоннасы 2 400-4700 сомго чейин;
  • Ысык-Көл облусу — бир килограммы 7,5 сом, бир тоннасы 3 600-6 800 сом;
  • Талас облусу — бир килограммынын баасы азырынча көрсөтүлө элек. Ал эми бир тоннасы 5 100-6 500 сом;
  • Баткен облусу — бир килограммы 9 сом болсо, бир тоннасы 4 800-8 700 сомго чейин.

Маалымат иретинде: калаадагы жана райондордогу баалардын таблицасы менен Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин сайтынан таанышса болот.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X