Кабулдагы элчиликте Кыргызстандын 20 жараны бар

16-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 18

«Кыргызстандын Афганистандын Кабул шаарындагы элчилигинде 20 чакты кыргыз жараны бар», — деп Кыргыз Республикасынын Афганистандагы элчиси Мирослав Ниязов КР Тышкы иштер министрлигине кабарлаган. Анын айтымында, элчиликтеги кыргызстандыктар 21-августка чейин эвакуацияланат.

«Министрлик жана элчилик Кыргызстандын жарандары менен ар дайым байланышта болууда», — деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X