"Эркин-Тоо"

Кадамжайда 5 жаштагы баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды

2023- жылдын 14-март күнү түнкү саат 21:45 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында белгисиз айдоочу өзүнүн белгисиз үлгүсүндөгү ак түстөгү автоунаасы менен жөө жүрүүчү Кадамжай районунун тургуну 2017-жылы туулган А.Н. койдуруп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен. Натыйжада жөө жүрүүчү А.Н. денесинен жаарат алып, Кадамжайдагы оорукананын сыныктар бөлүмүнө кайрылган. Бул жол-унаа кырсыгынын бетин ачуу максатында, Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Баткен обулусунун аймагына «ПЕРЕХВАТ» иш-чарасы киргизилип, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан посттор уюштурулуп коюлган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын натыйжасында, изин жашырып белгисиз тарапка качып кеткен айдоочу Кадамжай районунун тургуну 1953- жылы туулган М.Н. өзүнүн «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү автоунаасын Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылындагы үйлөрдүн биринде жашырып койгон жеринен Кадамжай РИИБи боюнча ЖККК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан аныкталып кармалган. Азыркы учурда, айдоочу тергөө кызматына жеткирилип, автоунаа убактылуу айып короого токтотулган. Учурда бул факты иликтенип жатат.

Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!