Кадрдык өзгөрүү: Өмүрбеков энергетика министрлигине келди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемеси менен Өмүрбеков Курсантбек Анарбекович Кыргыз Республикасынын энергетика министринин биринчи орун басары кызмат ордуна дайындалды.
Өмүрбеков Курсантбек Анарбекович эки жогорку билимге ээ:
2003–2008-жылдары — И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган, адистиги — «Инженер-энергетик»;
2022–2024-жылдары — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Менеджмент» багыты боюнча магистратурасын аяктаган.
Өмүрбеков Курсантбек Анарбекович Кыргыз Республикасынын энергетика тармагында 20 жылга жакын эмгектенип келет. Бул мезгил аралыгында мамлекеттик башкаруу системасында жана энергетика тармагынын өндүрүштүк багытында бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган.
2022-жылы Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл кызматынын жетекчиси болуп иштеген. 2024-2025 жж. Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары кызматын аркалап, кийинчерээк министрдин биринчи орун басары болуп дайындалган. 2025-жылы «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун башкы директору кызматында иштеген.
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X