“Кадырбек” орус тилинде
Октябрь айынын башында Жазуучулардын эл аралык коомчулугу, Россиянын жазуучуларынын адабий коомчулугунун басылмасы болгон “Литературная газета” гезитине Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, КРнын Улуттук жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү Бекен Назаралиевдин “Кадырбек” повести орус тилинде толугу менен жарык көрдү.
Бекен Назаралиев буга чейин жарык көргөн “Кун”, “Баткен туткуну”, “Бешик”, “Кызыл алма”, “Генерал Асанкулов” адабий-көркөм китептери менен окурман журтуна кеңири белгилүү болгон. Анын “Бешик” аңгемесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Эл артисти, режиссёр Бакыт Карагулов кинофильм тарткан. Жазуучунун чыгармалары кытай, түрк, казак, азербайжан жана башка тилдерге которулган.
Анын чыгармачылыгы негизинен адамдын тагдыры, тарых таржымалы, адамзаттын адеп-аклахтык баалуулуктарын кеңири чагылдырганы менен айырмаланат. Жакында жазуучунун Алымбек Датканын өмүр таржымалын, ошол доордогу кайчылаш тагдырларды камтыган романынын жарык көрүшү күтүлүүдө. Авторго чың ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!