Кыргызстанда 30-январдан 5-февралга чейинки аралыкта коронавирустун жети жаңы учуру катталып, сасык тумоологондордун саны көбөйдү. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. Маалыматта февраль айынын биринчи аптасында тумоологондор 6,4 пайызга көп катталганы айтылат. Ал эми коронавируска кабылгандардын бешөөсү ооруканага жаткырылган.