Кайсы жолдорго акы төлөнөт?

22-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 23

Транспорт министринин орун басары Нурланбек Кайыңбаев Жогорку Кеңештеги «Ишеним» фракциясынын жыйынында Чүй облусундагы айлампа жол акы төлөнө турган жол боло тургандыгын билдирди.

Анын айтымында, бул жолдо алгач оңдоо иштери жүрөт. Ал үчүн 150 миллион доллар керектелет. Эл аралык стандартка ылайык келтирилгенден кийин акы алына баштайт.

Мындан сырткары, Өзгөн шаарын айланып өткөн жолго да акы төлөнөт. «Бишкек-Кара-Балта-Чалдыбар» жолу да акылуу болот.

22-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 23
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X