"Эркин-Тоо"

Кайыңдыда адамга ок атылды

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, Кайыңдыда пикир келишпестиктен улам ок атылып, бир адам жарадар болду.

25-апрелде Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө “102” кызматы аркылуу Кайыңды шаарындагы базардын жанында эркек кишинин мылтыктан жараат алгандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 25-апрелине караган түнү саат 01:30да топ балдар менен алардын жанынан өткөн эки жигиттин ортосунда оозеки пикир келишпестик болуп, жыйынтыгында өтүп бара жаткан экөөнүн бири жаш жигиттерди көздөй эки жолу ок чыгарып, белгисиз тарапка качып кеткен. Жыйынтыгында, 22 жаштагы П.Б. аттуу жарандын денесине эки жолу ок тийип, райондун аймактык ооруканасына жеткирилген. Аталган кылмышка шектүү катары Кайыңды шаарынын 27 жаштагы А.А. аттуу жергиликтүү тургуну кармалган.

Бул факт Панфилов РИИБнин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!