Калк үчүн электр энергиясынын тарифи кандай болот? Сунушталган тарифтер тууралуу маалымат
КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматынын тараткан маалыматына ылайык, «2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомго ылайык, эл үчүн бир киловатт-саат электр энергиясынын баасы 0,77 сом бойдон кала турган болду. Бул электр жарыгына болгон баа калк үчүн кымбаттабайт дегенди билдирет.
Керектөөчүлөр үчүн кандай тарифтер сунушталууда?
Кайрадан иштелип чыккан долбоордун негизинде:
- калк үчүн бир киловатт-саат электр кубаты 77 тыйынды түзөт. 700 киловатт-сааттан ашса 2,16 сомдон эсептелет;
- бийик тоолуу аймакта жана шарты катаал жерлерде жашагандар үчүн чектөө коюлбайт, жыл бою мындагылар 0,77 сомдон төлөшөт.
- суу чыгаруу менен алектенген станциялар бир киловатт-саат электр энергиясы үчүн 1,09 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;
- электр транспорту, балдар интернаттары, карылар жана майыптар үйлөрү, диний мекемелер бир киловатт-саат электр энергиясына 1,68 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;
- башка мекемелер бир киловатт-саат электр энергиясына 2,52 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;
- майнинг-фермалар, алтын, металл иштеткен фабрикалар жана ичимдик өндүргөн ишканаларга бир киловатт-саат электр энергиясын 2,52 сомдон сатуу сунушталып жатат. Бирок белгиленген коэффициенттен ашып кеткен учурда 5,04 сомдон төлөшү керектелет (2022-жылдан тарта аталган керектөөчүлөр үчүн тарифтерди өткөн жылдагы инфляциянын деңгээлине жараша өзгөртүп туруу сунушталууда).