Камчыбек Ташиев: “Баары жакшы болот!”
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Тажикстандан кайтып келип, тажик тарап менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча комментарий берди.
«Тажикстандын УКМКнын башчысы жана бир нече кызматкерлер менен жолуктук. Жолугушуу жакшы болду. Нейтралдуу жерде жолуктук. Буйруса баары жакшы болот, чечебиз. Бардык аракеттер көрүлөт. Президентибиз Садыр Нургожоевичтин көрсөтмөсүнүн негизинде бардык маселелер чечилип жатат. Кудай буйруса бүгүн кечке чейин абалды толук турукташтырып бүтөбүз. Азыр эч нерсе болбойт. Азыр бардыгы жакшы болот», — деди ал.