Кант кызылчасын жыйноодо заманбап техникалар колдонулууда

12-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 95

«Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводунда» кант кызылчасын өстүрүү жана түшүм жыйноо иштери заманбап технологиялардын жардамы менен жүргүзүлүүдө. Быйыл чарбада кант кызылчасы биринчи жолу пилоттук негизде айдалып, жалпы 10 гектар жерге Германиядан жана Франциядан алынып келинген эки сорттогу үрөн себилди. Адистердин алгачкы баалоосу боюнча, өсүмдүктөрдүн абалы жакшы.

Түшүм жыйноо иштерин жеңилдетүү максатында 2025-жылы чарба Беларусь Республикасынан атайын айыл чарба техникаларын алган. Алардын катарында кант кызылчасынын жалбырагын кесүүчү жана тамырын жерден казып алуучу заманбап комбайндар бар. Бул техникалар убакытты үнөмдөөгө, кол эмгегин азайтууга жана түшүм жыйноонун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Заманбап техникалар Сокулук районунун дыйкандары үчүн да жеткиликтүү. Фермерлер аларды ижарага алып, түшүм жыйноо иштеринде пайдалана алышат. Мындан тышкары, техниканы ижарага алууда 10 пайыздык жеңилдик каралган.

Жаңы техникаларды колдонуу айыл чарбадагы чыгымдарды кыскартууга, дыйкандардын эмгегин жеңилдетүүгө жана кант кызылчасын өстүрүүнүн натыйжалуулугун арттырууга багытталган.

12-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 95
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X