Кант менен ак нан жүрөктүн душманы

16-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 22

Жүрөккө зыяндуу азык-түлүктүн рейтингинде башкы орунду кант ээледи. Аны көптөгөн тамактарга, жада калса нан азыктарына да кошушат.
Канттан кийинки жүрөккө зыяндуу азык-түлүктөр: ак нан, акталган күрүч, кондитердик заттар. Адамдын күндөлүк рационунда бул азык-түлүктөрдүн көп болушу диабетке жана жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келет.
Жүрөккө зыяндуу заттардын дагы бири туз. Тузду күнүнө алты граммдан ашык пайдаланууга болбойт.
Мындан сырткаары, жүрөктү ичкилик бузат. Ошондой эле фастфуд, полуфабрикаттар, составына трансгендик майлар жана пальма майы кирген кээ бир сүт азыктары да жүрөккө зыяндуу.

16-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 22
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X