"Эркин-Тоо"

Кант шаарынын мэри Улан МАЙЛИБАШЕВ: “ОРТО АЗИЯДА ЖОК СПОРТ КОМПЛЕКС КУРУЛАТ”

— Улан Бекболотович, “жаз жарышы” күч алып, Президентибиздин “Жашыл Мурас” өнөктүгү жер-жерлерде колго алынууда. Шаарда жашылдандыруу боюнча кандай иштер жүрүп жатат?

— Негизи Кант шаарынын ичинде көптөгөн жашылдандыруу иштери Президентибиз Садыр Нуркожоевич Жапаровдун жана районубуздун акими Алмазбек Абдилакимович Осмоновдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп жатат. Былтыртан бери көптөгөн көчөттөр, гүлдөрдүн түрлөрү жана ийне жалбырактуу балатылар, арчалар отургузулду. Кант шаарынын борборундагы Жеңиш паркында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, адамдар эс алып олтура турган отургучтардан баштап, жарык берүүчү лампалардын баардыгын алмаштырдык. Жаңы заманбап дааратканаларды коюп жатабыз. Амфитеатр койобуз жакынкы арада, буйруса. Былтыр жетишпей калдык эле, быйыл тендер өтүп парктын ичине кара топурак алып келип, он күндүн ичинде ак беде себебиз. Андан сырткары паркка кирип келе жатканда эки тарабынын тең көркүн ача тургандай кылып кооздоп жасалгалоо иштери жүргүзүлөт. Андан тышкары былтыртан бери ишембиликке аябай көңүл бөлүнүп, шаардын тургундары тез-тезден ишембиликке чыгып жатабыз. Жалбырактарды тазалап, бул жума бак-дарактарды актаганы жатабыз.

— Шаардын инфратүзүмдөрүн жакшыртуу менен бирге элдин эс алуусуна кандай шарттар түзүлүп жатат?

— Быйыл Гагарин көчөсүнө “Жаштар аллеясы” деген парк салганы жатабыз. Буйруса, ал парк дагы алдыңкы парктардын бири болот. Себеби, анын ичинде бардык шартты түзүп берүүгө басым жасайбыз. Балдардын скейт, сноуборд тебе турган аянтчасынан баштап фонтан, скамейкаларды, машыгуучу турниктерди куруп бергени жатабыз. Парктын аты “Жаштар аллеясы” болгону менен бардык курактагы жарандарыбыз эс ала тургандай шарттар түзүлөт. Зарыл болгон тейлөөчү кызматтын бардыгы болот. Биз курулуп жаткан тротуарларды, аллеяларды коляска менен жүргөнгө шарт түзүп ылайыктап курабыз. Шаарыбыздын борборундагы чоң парктарды салып бүткөндөн кийин, быйыл “Молодёжка” деген бир скверди салып бүтүрөбүз. Калгандарын эмки жылга пландап жатабыз.

— Экономикалык көрсөткүчтөр, анын ичинен салык, социалдык төлөмдөр боюнча пландар кандай аткарылып жатат? Соодагерлерди ККМ аппараттары менен камсыз кылуу кандай жолго коюлууда?

— 2022-жылга карата шаардык бюджетибизди 210 млн сом менен бекиткенбиз. 2022-жылдын аягында 282 млн сом менен бюджетти жаптык. Бул абдан чоң көрсөткүч болуп эсептелет. Шаардын экономикалык көрсөтөкүчтөрүнүн жетишкендиктери жогору бааланып, Ысык-Ата райондук мамлекеттик админимтрациясынын башчысыакиминин Ардак грамотасы менен сыйландык. Ошондой эле Президенттин Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мактоо, алкыш баракчаларын алдык. Негизи былтыр экономикалык жана социалдык өнүгүү тармагы боюнча республикалык деңгээлде мисалы: Расмий эмес, (фейсбук патинин) салыштырмалуу изилдөөсүнүн негизинде Каракол шаары облустук деңгээлде 1-орунду алса, Кант шаары райондук деңгээлде 1-орунду камсыз кылды. Өткөн жылы салык кызматкерлери менен биргеликте ККМ аппараттары боюнча ишкерлердин ар бирине түшүндүрмө иштерин жүргүзүп чыктык. Эми ККМ аппараттарынын башка түрлөрү келиптир. Кечээ күнү атайын жыйын өткөрүп, түшүндүрүү иштерин колго алуу боюнча пикир алыштык.

Соода кылган адамдардын арасынан түшүнгөндөрү да, түшүнбөгөндөрү да болду. Бирок, жалаң ККМ апараттарынын негизинде шаардын бюджети кадимкидей өстү. Мисалы мурда бир ресторан 20000 сом салык төлөсө, ККМ коюлгандан кийин 80000 сом төлөп жатышат. Андан сырткары бюджеттин көтөрүлүшүнө кирешеден түшкөн салык да жакшы салым кошууда. Мына ошонун натыйжасында милиция кызматкерлеринин, врачтардын, мугалимдердин айлык акылары көтөрүлүп жатат.

Былтыркы бюджеттин эсебинен 1-жарым жылдыкта 6 атайын техника менен камсыз болдук. Эң чоң атайын техникабыз – бул Хюндай экскаватору. Кант шаары саздак жер болгондуктан, дренаждарды улам тазалаган сайын тендер жарыялай бербеш үчүн ушул техниканы сатып алдык.

Учурдан пайдаланып айта кетүүчү жагдай, шаарыбызда мектеп маселеси абдан көйгөйлүү маселе. Быйылкы жылы бюджеттин эсебинен 250 орундуу мектеп курабыз. Буйруса, 500 бала билим ала турган мектепти өзүбүздүн каражатыбызга салабыз. Курулушка шаардык кеңештин депутаттары аркылуу акча каралган. Сметасы эски болгонуна байланыштуу, сметасын жасатып бүтөөрү менен мектептин курулушун баштайбыз.

— Шаардагы жардамга муктаж жарандарга Мэрия тарабынан кандай колдоолор болуп жатат?

— Биздин мэриянын бюджетинде социалдык жактан колдоого муктаж болгон жарандарыбызга жардам берүүгө мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү. Арыз менен кайрылып келген жарандарга материалдык жардам катары 5 миңден 10 миңге чейин беребиз. Андан сырткары көмүр сурап кайрылышат, көмүр алганга акча бөлөбүз. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, 8- мартка, энелер күнүнө карата апаларга жакшы эле көңул бурулат. Ошондой эле Афганистан согушунун, Чернобыль кырсыгынын ардагерлерине жана 7-апрель. 9-май майрам күндөрүнүн урматына жыл сайын акчалай жана материалдык колдоо көрсөтүп келебиз.

— Кант шаарын өнүктүрүү үчүн инвестициялык долбоорлорду тартуу боюнча кандай иштер жүрүп жатат?

— Инвесторлорду тартуу боюнча ар тараптуу кызматташуулар жүрүп жатат. Өткөн жылы ЫсыкАта райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 11,5 гектар жер бөлүнүп берилген. Мына ушул аянттын 6-7 гектарында ивесторлор алып берген эки атайын техниканын жардамы менен рекультивация иштери жүрүүдө. Келишимге ылайык, 11 гектардын айланасын толугу менен тосуп берет. Шаардык мэрия светин тартып беребиз. Суусун чыгарып бердик. Ал жерге крематорий курулат. Крематорий – бул медициналык жана биологиялык таштандыларды өрттөй турган меш. Бул меш 800 градуста кызып иштейт. Малдардын, ит, мышыктардын өлүктөрүн мындан кийин ошол мешке өрттөп жок кылабыз. Чоң бодо малдардын өлүктөрү үчүн “яма Бекхери” деп коёт, ошондой оро каздырып жатабыз. Инвесторлор бизге 120000 миң долларга, таштандыны иргөөчү комбайн алып келип коюп жатышат. Бул дагы ири инвестициялык долбоорлордун бири. Андан тышкары көчөдө жүргөн, кароосуз калган иттерди кароо үчүн Франциядан келген инвесторлор жакын жайгашкан айылдан питомник ачышып, атайын техникаларды сатып алып беришти. Көчөдө жүргөн иттерди кармашып, машинага салып алып кетишип, жууптазалашат. Эркектерин көбөйбөй турган кылып, кулактарына шакекчелерди салып кайра коё беришет. Айта берсек ишке ашырыла турган долбоорлорубуз көп эле. Акырындан өнүгүп келе жатабыз.

Кант шаарында бүгүнкү күндө жыйырмага чукул көп кабаттуу үйлөр курула баштады. Жаңы курулган үйлөрдү шаардагы саркындыларды чыгаруучу түйүндөргө кошсок көтөрө албай калат. Ошондуктан, биз үйлөрдү салган бизнесмендерди чогултуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алар сууларды тазалап чыгара турган дагы бир кошумча бассейн куруп беришкени жатат. Жаңы салынган үйлөргө киргизгенге, бул дагы чоң инвестиция болуп эсептелет. Ошондой эле инвесторлордун эсебинен Кант шаарына 5 аялдама салынып жатат.

— Улан Бекболотович, шаарда тез арада чечүүнү талап кылган кандай маселелер бар?

— Тез-арада чечүүнү талап кылган маселе – 3-кичи районубуздун жанындагы 3,5 гектар жер Министрлер Кабинетинин токтому менен шаардык мэрияга трансформацияга берилген. Ошол 3,5 гектар жерге параолимпиадачыларга спорттук комплекс куруп беребиз. Параолимпиадачылар – бул мүмкүнчүлүгү чектелген спортсмендер. Азия боюнча параолимпиада комитетинин президенти Раджит Маджит мырза Дубайдан келип, өзү көрүп кеткен. Министрлер Кабинетинин чечими чыккандан кийин бизден бир кызматкер Дубайга барып, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буйруса бул чоң спорт комплекси болот. Параолимпиадачыларга арналган мындай спорт комплекс Орто Азияда жок. Биз муну абдан чоң жетишкендик деп түшүнөбүз.

Негизи мүмкүнчүлүгү чектелген спортсмендер абдан таланттуу келишет. Ошолорго татыктуу көңүл бурулбай калып жатат. Биздин Алмаз Байгараевич деген агайыбыз бар. Ал мүмкүнчүлүгү чектелген спортсмендерди машыктырат. Саналуу он чакты параолимпиадачыларыбыз бар болсо, “бизди машыктырганга алгыла” деп башка жактан абдан көп мүмкүнчүлүгү чектелген спортсмендер суранып жатышат. Алганга шарты жок болгондуктан азырынча ала алышпайт. Буйруса, спорт комплексибиз бүт шарттары менен курулуп бүткөндөн кийин каалоочуларды кабыл алганга мүмкүнчүлүк болот.

Дагы бир тез арада чечүүчү маселебиз – шаарыбызда Эмен паркы бар. Ал Чүй токой чарба агенттигине караштуу болгону менен каралбай жатат. Парк Кант шаарынын ортосунда жайгашканы менен, биз аны жашылдандырып көрктөндүрө албайбыз. Эгерде ушул паркты мэриянын балансына өткөрүп беришсе, заманбап скверлерди жасап, көркүнө чыгармакбыз. Ушул маселебиз тез арада чечүүнү талап кылган маселелердин бири.

— Улан Болотбекович, кызыктуу маегиңиз үчүн чоң рахмат. Иштериңизде албан ийгиликтерди каалайбыз.

Самара ТОЙМАТОВА
№28 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 7-апрели

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!