Каныбек Осмоналиев, профессор: «Апам тирүүдөй сезилет»…

18-май, 2026-ж. / Редакция / Маек 245

  «Менин апам” рубрикасынын алкагында Каныбек Осмоналиевди кепке тартып, анын жүрөгүндө өчпөс из калтырган апасы тууралуу баарлаштык. Ал энелик мээрим, тарбия жана адам жашоосундагы эненин орду тууралуу ой бөлүштү.

— Каныбек Осмоналиевич, апаңыз аман болгондо Энелер күнү менен кантип куттуктайт элеңиз?

— Апам 2011-жылы 96 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Бирок мен үчүн ал киши ар дайым тирүүдөй сезилет. Себеби апабыз бизди жалгыз бой тарбиялап, адам кылып өстүрдү. Кыргызда “Бейиш — эненин таманында” деген ыйык сөз бекеринен айтылган эмес. Эне — бул бакыт, мээрим, кут жана береке.

Бардык энелер балдарынын сый-урматына бөлөнүп, узак өмүр сүрүп, жарык маанай менен жашашсын. Ар бир перзент эненин кадырын бийик сактоо ыйык парз экенин эч качан унутпашы керек.

— Апаңыз сизге эң көп айткан насааты эсиңиздеби?

— Апам дайыма: “Эч качан мүңкүрөбө! Сен улуу адамдардын тукумусуң. Ата-бабаң таза жашаган. Бирөөнүн акысын жебе, жалган сүйлөбө”, — деп кайталачу. Бул сөздөр бүгүнкү күнгө чейин жүрөгүмдө жашап келет. Ушундай эле насаатты атамдан да уккам. Ошондон улам атам менен апам өмүрдө да, ой-тилекте да гармонияда жашашкан экен деп көп ойлоном.

— Сизди эмне деп эркелетчү эле?

— Апам мени “жарыгым, кубатым” деп эркелетчү. Бала кезден кулагыма сиңген ушул эки ыйык сөздү азыр өз балдарыма айтып калдым. Кээде турмуштун оор сыноолоруна туш болгондо апамдын кайратын сезгендей болом. Ошондо өзүмдү бекемдеп, күч-кубат алам. Балким, турмуштагы көп кыйынчылыктарды жеңип келе жатканымдын сыры да ушундадыр.

— Апаңыздын мээримин кайсы учурларда өзгөчө сезесиз?

— Көп учурда өзүмө “Апамдын ак сүтүн актай алдымбы? Эл ичинде татыктуу ордумду таба алдымбы?” — деген суроону берем. Бул жашоодогу эң чоң критерийлердин бири болсо керек.

Эненин мээрими адамды ар дайым жакшылыкка, адамгерчиликке үндөйт экен. Мен ошол ыйык сезимди жүрөгүмдүн төрүндө сактап жашап келем.

Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X