Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү завод жаңыланууда

2-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 26

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү Экономика жана коммерция министрлиги, Кара-Балта шаардык мэриясы жана Акбашат районунун акимиаты менен биргеликте «Чайна Петроль Компани «Джунда» ЖЧК» ишканасына караштуу мунайды кайра иштетүүчү заводго барышты.

Иш-чара Кытайдын Шэньси көмүр-химия корпорациясы компаниясынын расмий чакыруусу менен уюштурулуп, заводду капиталдык оңдоо жана модернизациялоо долбоорунун жүрүшү менен тааныштыруу болду.

Маалыматка ылайык, жылына 800 миң тонна мунай иштетүү кубаттуулугу бар заводду жаңылоо өлкөдө ишке ашып жаткан ири инвестициялык долбоорлордун бири болуп саналат. Долбоор Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «Орто Азия энергетикалык компаниясы» ЖЧК» ортосунда түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун негизинде жүргүзүлүүдө. Кошумча макулдашуу менен инвестициянын көлөмү 193,75 млн АКШ долларына чейин көбөйтүлүп, долбоорду 2026-жылдын 31-июлуна чейин бүткөрүү пландалууда.

2-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X