Кара-Кечеде көчкү жүрдү
Нарын облусунун Жумгал районунда кечээ, 3-ноябрда саат 13:30да чамасында Кара-Кече көмүр кениндеги №27-забоюнда көчкү жүрүп, “Кор-Дрилинг Интер-Прайзер” жеке ишканасынын 1 даана экскаваторун басып калган. Жабыркагандар жок. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жерине райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жана КР ӨКМнин Жумгал райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу барган. Тазалоо иштери “Кор-Дрилинг Интер-Прайзер” жеке ишканасына милдеттендирилди.
Маалыматка ылайык көмүр кени учурда штаттык режимде иш алып барууда.