Кара-Кулжа районуна жаңы аким дайындалды
Сыдыков Замирбек Бейшенович Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими болуп дайындалды. Тескемеге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, Замирбек Сыдыков буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун акими болуп эмгектенген.