«Кара-Суу» базарындагы коррупция. Мамлекетке келтирилген миллиард сомдук чыгымдар.
“Кара-Суу” базарынын айланасындагы чуулгандуу коррупциялык иштердин орун алышы, адам укуктарынын тебелениши, сот тарабынан кабыл алынган акыйкатсыз чечимдер жана сот бийлигинин менчикке карата рейдерлик баскынчылык кылган фактылары тууралуу пресс-конференция бүгүн, 10-августта “Элдик демилгелер борборунда” болуп өттү. Пресс-конференцияга Ош облустук керек-жарак коомдорунун жана кооперативдеринин биримдигинин башчысы Бектемир Ражапов жана “Кара-Суу” базар комплексинин ээси, “Кыргыз соода биримдигинин” директору Анарбай Эргешов катышты.
Адилеттүү жана мыйзам чегинде кабыл алынган чечимдерди күткөн пресс-конференциянын катышуучулары КР Президенти Садыр Жапаровго кайрылып, “Кара-Суу” базарынын айланасындагы мыйзамсыз аракеттерге көңүл буруп, тиешелүү чечим кабыл алууну өтүнүштү.
Анарбай Эргешовдун айтымында, “Кара-Суу” базарына жана жеке менчикке “кол салгандар” ар бир бийликтин учурунда көңүл сыртында калып, натыйжада мамлекет жылдар бою миллиарддаган чыгымдарды татып келет.
“Кыргыз соода биримдигинин” директорунун билдирүүсү боюнча, бул коррупциялык схемага сот тармагынын өкүлдөрүнөн баштап Мамлекеттик мүлк фонду дагы аралашкан. Өзгөчө белгилей кетчү жагдай, ар бир бийликтин тушунда “жогору жактагылардын” тилин эптүү табып, судьяларды коркутууга алып, өз кызыкчылыгы үчүн мыйзамсыз аракеттерди жасап келген Манас Үсөнов аттуу жаран бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу менен бир катар коррупциялык иштерди жасаган.
Эргешовдун айтымында, жогорудагы мыйзамсыз аракеттерге экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси, экс-депутат Асылбек Жээнбековдун жана анын кудасы Т. Абжалиевдин түздөн –түз тиешелери бар. Бул боюнча далилдүү фактылар топтолгон.
Кененирээк төмөндөгү видеодон көрүңүздөр.