Кара-Суу районунда үч даана ок атуучу курал алынды

27-июнь, 2022-ж. / Редакция / Коом 30

Кара-Суу районунда үч даана ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 20-июнь күнү Кара-Суу РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын тургуну “К” аттуу жаран тополоң кылып жаткандыгы тууралуу маалымат билдиришкен.

Окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБнин ыкчам-тергөө тобу чыгып, ызы-чуу жараткан жаран Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын тургуну 61 жаштагы К.О., аттуу жаран экендиги такталып, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында К.О., турак үйүндө 3 даана эч кандай документтери жок ок атуучу мергенчилик курал бар экендиги аныкталган.

Аталган факт 2022-жылдын 21-июнь күнү Кара-Суу РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Окуя боюнча күбө катары суралган К.О., жогоруда көрсөтүлгөн 3 даана ок атуучу курал атасынан калгандыгын жана атасына катталгандыгын билдирип, эч кандай уруксат берүүчү документтери жок экендигине байланыштуу, ок атуучу куралдарды милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен өткөрүп берген .

Азыркы учурда үч даана ок атуучу куралга кайсы үлгүдөгү ок атуучу куралдардын катарына кире тургандыгын жана атууга жарактуулугун текшерүү үчүн соттук-балистикалык экспертиза дайындалган. Тактоо иштери уланууда.

 

 

27-июнь, 2022-ж. / Редакция / Коом 30
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X