Кара-Суу районунда жетим балдарга жер тилкеси бөлүндү
Кара-Суу районунун прокуратурасы жетим балдардын жер тилкесине болгон укуктарын коргоо боюнча жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, 3 тоголок жетим баланын мыйзамда каралган укуктары толук камсыздалбай, жер тилкелери берилбей келгендиги аныкталды.
Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында Кеңсай, Тельман жана Ак-Жар айылдарынан ар бир балага турак жай куруу үчүн 0,06 гектардан жер тилкеси бөлүнүп берилди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 13-беренеси жана Турак жай кодексинин 43-беренесине ылайык, балдардын турак жайга укуктары мыйзамда белгиленген тартипте кепилденген. Жашоо үчүн турак жайы жок жетим балдар 16 жашка чыкканда, пайдалануу укугунда турак жай аянтын кезексиз алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.