Караколдогу май куюучу жайга 23 миң сом айып пул салынды

14-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103

Каракол шаарындагы май куюучу жайда уруксат берүүчү документтерсиз реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталды. Натыйжада «Реал Петролеум» ЖЧКсына 23 миң сом айып пул салынды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде Карасаев көчөсү, 137Б дарегинде жайгашкан май куюучу жайга пландан тышкары текшерүү жүргүздү.

Текшерүү учурунда объект иштебей турганы жана анда реконструкциялоо иштери жүрүп жатканы белгилүү болду. Тактап айтканда, күйүүчү май сактоочу резервуарды алмаштыруу, оператордук жайдын планын өзгөртүү жана капиталдык оңдоо иштери аткарылып жаткан.

Объекттин өкүлдөрү архитектуралык-пландоо тапшырмасын жана мурда берилген пайдаланууга кабыл алуу актысын көрсөтүшкөн. Бирок реконструкциялоо жана кайра пландоо иштерине тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук-сметалык документтерди сунушташкан эмес.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузууларды жоюу боюнча акт түзүлүп, объекттин жооптуу өкүлүнө жазма буйрук берилди. Ошондой эле шаар куруу ченемдерин бузгандыгы үчүн компанияга 23 миң сом айып пул салынды.

14-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X