9-апрель күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ленин көчөсүндөгү “Достук” эс алуу багындагы курулуш иштерин көрдү.
Көп жылдан бери каралбай калган эс алуу жайы эми улуттук каада-салт, үрп-адаттарды өзүнө камтыган этно жайга айланат.
Шаар башчысы Т. Сарыбашов мамлекеттик-жеке өнөктөштүк багытын колго алуу менен жергиликтүү бюджетти көтөрүү үчүн жеке ишкерлерди инвестор катары тартып, аларга мүмкүнчүлүк берүү зарыл экендигин билдирди. Достук эс алуу жайы өзүнүн оргиналдуу жасалгаланышы менен шаардын көркүнө дагы көрк кошот деп кошумчалады.
Жеке ишкер Санжар Толубаев эс алуу жайында боз үйлөр, музыканын коштоосунда “бийлөөчү” оргумалар, LED экрандар коюлуп, шаар тургундары үчүн атайын отургучтар орнотулат деди. Ошондой эле, этно стилде болгондуктан улуттук музыкалар жаңырып, тамактануучу жайларда улуттук тамак-аштар боло тургандыгын билдирди. Долбоор үч айдын ичинде бүтүп, шаардагы кооз эс алуу жайларынын катарын толуктайт.
Маалым болгондой, 5 жылга ижарага берилген жай жергиликтүү бюджетке жылына 1 млн сом котормокчу.
too.kg/?attachment_id=6324″ class=»wp-image-6324″/>
too.kg/?attachment_id=6325″ class=»wp-image-6325″/>
too.kg/?attachment_id=6326″ class=»wp-image-6326″/>
too.kg/?attachment_id=6327″ class=»wp-image-6327″/>
too.kg/?attachment_id=6328″ class=»wp-image-6328″/>
too.kg/?attachment_id=6329″ class=»wp-image-6329″/>
too.kg/?attachment_id=6330″ class=»wp-image-6330″/>
too.kg/?attachment_id=6331″ class=»wp-image-6331″/>
too.kg/?attachment_id=6332″ class=»wp-image-6332″/>
too.kg/?attachment_id=6333″ class=»wp-image-6333″/>
too.kg/?attachment_id=6334″ class=»wp-image-6334″/>
too.kg/?attachment_id=6335″ class=»wp-image-6335″/>
Р.Исмаилова