Карыянын калыс сөзү -элдин казынасы
Кесексары Исаков нарк сактаган устат, калем кармаган карыя, элдин акыл казынасы. Кээ бир адамдардын кадыр-баркы өздөрү тууралуу айтылган мактоо сөздөр менен эмес, элдин эсинде калган изи, айткан сөзүнүн салмагы, жашоодогу адамдык мамилеси менен өлчөнөт. Андай адамдарды убакыт алыстатпайт. Тескерисинче, жылдар өткөн сайын алардын баркы тереңдеп, адамдык наркы бийиктей берет. Кесексары Исаков агай дал ошондой нарктуу адамдардын бири.
Мен Кесексары агайды бала кезден атын угуп, таанып баштагам. Башында өзү менен жакын аралашпасам да, Талас өрөөнүндө анын аты кадырлуу аксакал, ардагер агартуучу, акын, таалим-тарбиянын жолун билген инсан катары эзелтен эле кулагыбызга сиңип калган. Таластын коомдук, маданий жана социалдык маанидеги иш-чараларынын көбү ушул кишинин ак батасы, салмактуу сөзү менен ачылып, ак тилектери менен жыйынтыкталган учурлар аз эмес эле. Анын ар бир кебинде турмуштун тажрыйбасы, адамдын кадырын билген акылы, элдин наркын сактаган сабыры, журттун келечегине болгон санаа бар болчу.
Кийин ар кандай иш-чараларда аралашып жүрүп, аксакал менен жакындан таанышууга да мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондо сырттан уккан таасиримди ички тааныштык дагы тереңдетти. Оозунда кеби бар, калыс сүйлөгөн, өзүн эч качан көкөлөтпөгөн, жупуну мүнөздүү, бирок ички дүйнөсү бай, турмуштан көптү көрүп, көптү түшүнгөн ардагер мугалим экенин аңдадым.
Анын өзгөчө бир касиети – кимдин алдында турса да чындыкты таразага салып сүйлөгөнү. Кадырлуу адамбы же жөнөкөй пендеби айырмасы жок. Анын таразасында адамдын даражасы эмес, сөздүн чындыгы өлчөнүп турчу.
Көпчүлүк учурда биз маңдайыбызда турган адамдын даражасына, кызмат ордуна, кадыр-баркына карап сөзүбүздү өзгөртүп коё берет эмеспизби. Жаккан адамды ашыра мактап, кемчилигин көрмөксөнгө салабыз. Ал эми Кесексары
агай андайлардан эмес. Ал сөздү адамга карап эмес, чындыкка карап кээде катуу угулса да жүрөктүн түпкүрүнө жеткен, чучукка тийген калыс сөзүн тартынбай айтчу. Мага бул адамдык асыл сапаты жакчу. Мына ушунда анын карыялык касиети жатат.
Кийинчерээк аксакал менен тез-тез барып абал сурашып, жүз көрүшүп турбасак да, заманбап байланыш каражаттары аркылуу улам-улам кабарлашып калдык. Кээде өзү телефон чалып, “балдар жакшы жүрөбү?” деп, шаардагы өзү тааныган, салам айтып алик алышкан балдардын амандыгын сурап калчу.
Кыска гана ушул суроонун өзүндө канча мээрим, канча санаа, канча ак батанын илеби бар экенин кийин түшүндүм.
Кесексары агайдын дагы бир өзгөчө дүйнөсү – поэзия. Бир күнү аксакалдын чыгармачылык кечеси өтөрү, анын жаңы китеби жарык көрүп, ал тууралуу акын-жазуучулар, жаш калемгерлер сөз сүйлөй турганы мага да айтылды. Ошондо агай мага өзүнүн бир китебин кол жазмасы менен берип жибериптир. Китепти колума алып, барактап отуруп, аксакалдын дагы бир дүйнөсүнө кирдим. Ал дүйнөдө мекен, ата-эне, дос-тууганга болгон ыйык сезим бар экен. Ата журттун топурагы, тоосу, суусу, талаасы, жаратылышы бар экен. Эң башкысы, Кыргызстанга болгон жүрөктүн сүйүүсү алоолоптур. Агайдын ырларынан бүтүндөй бир өмүрдүн жыйынтыгын көргөндөй болдум. Өмүр бою элге билим берип, коомго кызмат кылып келген адамдын эми калем аркылуу кийинки муунга үн катып жатканын сездим.
Ошондуктан, анын ырларын көркөм чыгарма катары эмес, өмүрдүн сабагы, муундан-муунга берилчү руханий осуят катары кабыл алууга болорун туйдум. Бул жагынан алганда, анын калеми да агартуучулук милдетин кылып жаткандай.
Бүгүн Кесексары Исаков агай 91 жаштын төрүндө олтурат. Бул деген бүтүндөй бир доор. Эң кубанычтуусу агай ошол өмүрдүн күзүндө да, жазы-кышы, жайында да колунан калемин түшүрбөй, ой дүйнөсүнөн ажырабай, чыгармачылык чыйырын улап келе жатат. Чөбөрөлөрүнүн жытын жыттап, небере балдарынын сыйын көрүп, элдин урматында, чыгармачылыктын деминде жашап жаткан Кесексары агайдын бүгүнкү карылыгы барктуу карылык.
Ушундай кадырман карыяларыбыз барда кыргыздын наркы өчпөйт жана муундар ортосундагы улуу көпүрө урабайт.
Алдыда жалпы кыргыз элинин кубанычы болгон Эгемендүүлүк майрамы келе жатат. Мындай улуу майрамдын алдында Ата журттун асылдыгын даңазалаган, мекенди сүйүүгө үндөгөн ырлардын жаралышы өзүнчө бир руханий белек. Ошол майрамды утурлай, Кесексары агайдын калеминен жаралган мекенчил ырлар, дал ушул улуу майрамдын маанайына үндөшүп, кыргыз элинин жүрөгүнө жетсин деген тилекте ырларын сунуп отурабыз.
Дөөлөттүү карылыктын төрүндө балдарыңыздын, неберелериңиздин, чөбөрөлөрүңүздүн сыйын көрүп, элдин урмат-сыйына бөлөнүп, чыгармаларды жаратып, өзүңүз сүйгөн Ата журттун койнунда дагы далай жылдар аман-эсен жашай бериңиз!
Күнболот Момоконов
Куттуу болсун ырыс чачкан ыйык күн
Куттуу болсун эгемендик күнүбүз,
Аппак болсун мекен үчүн сүйүүбүз.
Эңсеп келген улуу муундар зар болуп,
Эркиндикке жеткен элдин бирибиз.
Турмуш өттү туура жолдон адашкан,
Шарттар болду эл кырылып кан аккан.
Далай татаал учурларды билебиз,
Бизге жеткен тарыхтагы барактан.
Далай эрлер кыйып асыл өмүрүн,
Коргоп калган бүтүндүгүн жеринин.
Ошол улуу айкөлдөрдүн аттары,
Жашап келет жүрөгүндө элинин.
Бул күн элге жарык шоола чачкан күн,
Карт тарыхка жаңы барак жазган күн.
Куттуу болсун ырыскылуу ыйык күн,
Келечекке кеңири жол ачкан күн.
Ата Журтум
Ата Журтум өзүң барда мен бармын,
Өмүргө да мен өзүңдө көз жардым.
Жылуу-жумшак мээримиңе бөлөнүп,
Улут жолун ыйык туткан бир жанмын.
Кыргыз каны жүрүп турса канымда,
Керек болсо силердики жаным да.
Өзүңөргө кызмат өтөп өтсөм дейм,
Көөдөнүмдө дем күч-кубатым барында.
Улуу элим, урматтаарым улугум,
Улут салты кир чалбаган тунугум.
Көк тиреген ак мөңгүлүү чокулар,
Сыймыктанып сыйынаарым ыйыгым.
Туйлап аккан тунук суулар шаркырап,
Албууттанып таштан-ташка жанчылат.
Кайсы жакта жүрсөм дагы карааның,
Карегимде өчпөй турат жаркырап.
Жашыл түстүү өрөөн, кокту талаалар,
Жан сергиткен эрке желдүү абалар.
Алар менин ырыс кутум түгөнгүс,
Теңдеши жок улуу дүйнө мага алар.
Тамчы болуп кошуламын
Күн жүздүү, күмүш калпак чокуларым,
Суктанып сени тиктеп олтурамын.
Бул жашоо сен жараткан улуу дайра,
Мен ага тамчы болуп кошуламын.
Ал дайра күү терметип агып жатат,
Өмүргө мүрөк болуп тамып жатат.
Керексиз агындылар көп узабай,
Сүрүлүп жээкке чыгып калып жатат.
Жел аргы алып келип шыбак жытын,
Сездирет ыйык жердин ырыс, кутун.
Чаалыкпай улам бийик көтөрүл- деп,
Учурам ак ой жүктөп кыял кушум.
Тоолорум көк тиреп бийик турчу,
Энедей өмүр берип ийип турчу.
Асманым кара булут каптабастан,
Алтын күн мээрим төгүп күлүп турчу.
Улуу көч тынбай алга жүрүп турчу,
Жашоонун жаңы доорун сүрүп турчу.
Адамдын пейилине кир жугузбай,
Акылдын ак өргөөсүн тигип турчу.
Ыйыктык
Жан-дүйнөмдү бир ыйыктык камтыган,
Ишим, изим баары анын ичинде.
Ой-максатым, өтөгөн иш аракет,
Элестер да көргөн түнкү түшүмдө.
Элим-жерим, мекен деген улуу сөз,
Жарык чачып жанып турган жылдызым.
Ата журтум алдейлеген койнунда,
Кең пейилдүү керемет эл – кыргызым.
Алкыш сөзүм сага дайым арналат,
Жакшы ойлорум жан-дүйнөмдө иргелген.
Бүт турпатым, каным-жаным өзүңдө,
Кубат алып, кучагында күн көргөн.
Сен бар болчу асыл туурум-түнөгүм,
Сен бар болчу таянарым-тирегим.
Өзүң барда бактысы зор элимдин,
Өзүң барда өнүгүү бар билемин.
Кесексары Исаков, Эмгек ардагери