Касымалиев кытайлык инвесторлор менен тоо-кен тармагындагы кызматташууну талкуулады
2026-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тоо-кен тармагында иш алып барган “Hunan Global South Industry” кытайлык компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Делегацияны компаниянын өкүлү Хэ Руцю жетектеди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын аймагында геологиялык чалгындоо долбоорлорун ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Инвесторлор геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө, адистерди даярдоого жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган ири инвестиция салууга даяр экендиктерин билдиришти.
Өз кезегинде Адылбек Касымалиев мамлекет маанилүү минералдар, полиметаллдар жана сейрек кездешүүчү элементтер тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чет элдик инвесторлорду тартууга кызыкдар экенин белгиледи. Ал тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.
Жолугушуунун соңунда тараптар Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, ошондой эле “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы менен кызматташуунун мүмкүн болгон форматтарын талкуулап, мындан аркы биргелешкен инвестициялык долбоорлор боюнча иш алып барууга макулдашты.