"Эркин-Тоо"

Казакстанда 107 миңден ашуун адам «Спутник V» вакцинасы менен эмделди

Коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасы менен Казакстанда 107 миңден ашуун адамдын эмделгенин аталган өлкөнүн COVID-19 илдетин жайылтпоо үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиясы билдирди. Учурда Казакстан Орусияда иштелип чыккан «Спутник V» вакцинасы менен калкын эмдөөдөн өткөрүүдө. Вакцинанын алгачкы 22 миң дозасы өлкөгө Орусиядан алынып келгенден кийин, Караганда шаарында жайгашкан фармацевтикалык комплексинде өндүрүлө баштаган. Жакынкы аралыкта Казакстандын вакцинасын каттоодон өткөрүү күтүлүүдө, учурда ал клиникалык сыноолордун үчүнчү этабына жетти.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!