Казакстанда 5,5 баллдык жер титирөө болуп, Кыргызстанда да сезилген

28-март, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 30
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы саат 04:42де Казакстанда күчү 5,5 баллга жеткен жеткен жер титирөө катталгандыгын маалымдады. Бул тууралуу ӨКМге КРнын Сейсмология институту билдирген.
Жер титирөө Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүйдөгү Жайыл районунун Кара Балта шаарында жана Бишкекте болжол менен 4 баллга чейин сезилген.
Учурда жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Алсак, Талас облусунун Талас районунда ыкчам топ түзүлүп, Көпүрө-Базар айылына барган. Алардын алдын ала билдирүүлөрү боюнча 5 турак жайдын дубалдарынан жарака кеткен.
ӨКМ кошумча маалымат берилерин билдирди.
28-март, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 30
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X