Казакстандын президент ДЭР жана ЛЭРди тааныбай турганын айтты

18-июнь, 2022-ж. / Редакция / Дүйнө 26

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 17-июнда Санкт-Петербург шаарында өткөн Эл аралык Экономикалык форумда Донецк жана Луганск элдик республикасынын көз карандысыздыгынын тааныбай турганын билдирди.

Анын айтымында, эгер элдин эркине койсо дүйнөдө 200 эмес 500-600 өлкө болмок.

«Мындан улам биз дүйнөдөгү бардык квазимамлекеттерди тааныбайбыз. Ошол эле Тайвань, Косово, Түштүк Осетия, Абхазия, Донецк жана Луганск элдик республикасын да тааныбайбыз»,- деди президент Токаев.

18-июнь, 2022-ж. / Редакция / Дүйнө 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X