Казакстандын президенти орус тилинин статусу жөнүндө оюн билдирди

1-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 25

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жоомарт Токаев  мыйзамга ылайык өлкөдө орус тилинин колдонулушуна тоскоолдук кылууга жол берилбейт,- деп билдирди.

«Орус тили расмий статуска ээ. Андыктан биздин мыйзамдарга ылайык, орус тилинин эркин колдонулушуна эч кандай тоскоолдуктарга жол берилбейт», — деди Токаев, парламенттин жетинчи чакырылышынын экинчи сессиясында сүйлөп жатып.

Конституцияда жазылгандай, Казакстанда мамлекеттик тил казак тили болуп саналат. Ал эми мамлекеттик мекемелерде жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында казак тили менен бирге орус тили дагы колдонулуп келет. Бирок, айрым улутчулдардын айынан өлкөдө орус тилин колдонууга тоскоолдук жаратуу боюнча мезгил-мезгили менен чыр-чатактар чыгып турат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X