Жазга карай ансыз да араң турган базардагы баа саясаты күч алаары турган иш. Калктын жонунан кайыш тилген атың өчкүр кымбатчылыктын алдын алууга карата кандай чаралар көрүлүп жатат? Мындай “илдетке” каршы күрөшкөн өлкөдөгү орган эмне иштерди аркалоодо? Деги булардын баа саясатын ооздуктоого күчү келеби? Мындай соболдорго тармак жетекчиси өзү жооп узатсын.
— Кеңеш мырза, Кудайдын кулагы сүйүнсүн, күйүүчү майга болгон баа 6-7 сомго дейре арзандап, сырттагыдай күн сайын күчөгөн кымбатчылыкта Жараткандын элибизге боору ооруду окшойт. Буга дейре күйүүчү майдын кымбатчылыгын бетке кармап, башка продукцияны негизсиз кымбаттаткандардын баалары мындай шартта түшүшү күтүлөбү?..
— Биздин күйүүчү май базарыбызда 10дон ашык чарбакер субъекттер иш алып барат. Булар күйүүчү майдын дээрлик 90 пайызын сырттан, тагыраагы, Россия Федерациясынан алып келишет. Өлкөбүздүн майга болгон жылдык керектөөсү 1 млн 300 миң тоннадан 1 млн 500 миң тоннага чейин жетет. Январь айынын башынан бери Россияда күйүүчү майлардын дүң экспорттук баалары ылдыйлаганына байланыштуу бизге да таасири тийип, жыл башынан тарта бензин 5 сомго чейин ылдыйлады. Ал эми дизелдик отундун дүң баалары жогору бойдон сакталгандыктан, 1 сом, 1-20 тыйынга чейин гана ылдыйлады. Биздин ишкерлердин күйүүчү майды Россиядан алган баасынан сырткары жол чыгымдары литрине 3-4 сомго чейин, акциз салыгы ар литрине 4 сом, НДС салыгы литрине 6-7 сом, андан сырткары өздөрүнүн сатууга кеткен чыгымдары да бар. Баалар ушулардын баары эске алынып анан түзүлөт. Ал эми азыктүлүк баалары Кыргызстанда КМШ, бажы биримдигиндеги өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн. Маселен, кумшекердин бизде орточо баасы 85 сом болсо, башка мамлекеттерде, ошол эле коңшу Казакстанда 100 сомдон жогору. Өсүмдүк майынын орточо литри бизде 150 сом болсо, ошол эле жакынкы коңшуларыбызда 200 сомдон жогору. Ундун базардык баасы да туруктуу. Бул жаатта Министрлер Кабинетинин чечими менен НДС салыгы боюнча убактылуу нөлдүк пайызга түшүүсү менен кумшекер, өсүмдүк майы, буудай азыгы ж.б. таасир бере алды жана биз тараптан кумшекер, ун базарында макулдашууларды түзүп, иш алып барганыбыз да натыйжа берүүдө.
— Башка мамлекеттерге салыштырмалуу баалар бизде арзан дейсиз. Бизде айлык акылар да алардыкынан кыйла төмөн экенин эске аласыңарбы? Же бул жагы оюңуздарга келбейби?
— Соңку убакта мамлекет башчыбыз жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тараптан айлык акылардын, пенсия, пособиелердин жогорулашына өзүңөр деле күбө болуп жатсаңар керек. Акыркы 2-3 жылдагы дүйнө жүзүндөгү экономикалык абалдын тез-тез өзгөрүшү менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча ар бир мамлекетке тамак-аш жагынан иреттүү иштерди жүргүзүп, өзүнөзү камсыз кылуу боюнча өзгөчө иштер белгиленип жатат. Баса белгилөөчү жагдай, биз азык-түлүк жагынан импортко да көз каранды экенибизди эстен чыгарбашыбыз керек. Бир эле мисал, жолго кеткен логистикалык чыгымдар азыр көбөйгөн чак. Ушулардын бардыгы баалардын жогорулоосуна таасир этип жатканын да эске алуубуз зарыл. Бүгүн базардагы баа саясатын, негиздүү жана негизсиз көтөрүүлөр деп экиге бөлүп алсак болот. Базардагы бүгүнкү көтөрүүлөр дээрлик негиздүү. Анткени, баалардын өздүк наркы жогору болууда. Ушул жагын да эске алсак жакшы болот эле. Айрым учурда гана баа саясатында сезондук жагдайда көтөрүлүү же түшүү болуп турат.
— Күндүн жылышы менен курулуш материалдарына суроо-талап күчөөрү турган иш. Жазга карай бул жааттагы кымбатчылык быйыл да элибизди кокодон албайбы?
— Курулуш материалдарынын баасы боюнча бизде маалымат жок. Бул жааттагы баалар суроо-талапка жараша жеке жактар тараптан аныкталып, иш жүргүзүлөт. Анан калса бул чөйрөдө монополисттер да жок, миңдеген ишкерлер иш алып барышууда. Аныгында курулуш каражаттары социалдык маанилүү товарларга кирбейт. Социалдык маанилүү товарлар тизмегине негизинен 14 түрлүү тизмек кирген. Булар албетте, азык-түлүк, күйүүчү май баштаган күнүмдүк керектелүүчү товарлардын тизмегин атасак болот. Курулуш материалдары боюнча биз тараптан мониторинг өткөрүлүп же сурамжылоо жүргүзүлбөйт. Сатуучулар сурооталапка, атаандаштыкка, базар коньюктурасына жараша бааларын өздөрү аныктап, мыйзамдарга ылайык иштерин жүргүзө беришет. Монополияга каршы агенттиктин курулуш материалдарынын бааларына карата мыйзамга ылайык кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
— Деги эле өлкөдөгү кымбатчылыкты тизгиндөөгө эмнеге тыңгылыктуу чамачаркыңар келбейт? Же силердин ишиңерге байланыштуу мыйзамдардын күчү алсызбы?
— 2016-жылдын аягында мыйзамдарга өзгөртүүлөр кирип, бир топ жөнгө салынуучу чөйрөлөр алынып салынган. Бүгүнкүдөй шартта, сырттагы кырдаалды эске алып, биз тараптан Экономика министрлигине айрым мыйзамга толуктоолор сунушталып, баа түзүмү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыккан. Буюрса, бул сунуш парламенттин биринчи окуусунан өттү. Ал жерге азыктүлүк товарларынын бааларын турукташтыруу, жөнгө салуу боюнча механизмдер камтылды. Азыркыдай баа кескин түрдө 20 пайызга жогоруласа гана кийлигишпестен, өзгөчө кырдаалдар убагында же азык-түлүк коопсуздугу боюнча ар кандай жагдайлар жаралса ошол убакта же биздин талдоолордун жыйынтыгы менен баалар кескин көтөрүлүп кетип жатса, анда жөнгө салууну киргизүүгө Экономика министрлиги тарабынан мүмкүнчүлүк берилет. Бул сапар дал ушундай жагдайлар эске алынат. Мындан сырткары, биз ишкерчиликке терс таасирин тийгизбесин деген максатта бир топ жаңы ыкмалар менен макулдашууларды түзүп, иш алып барып жатабыз.
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№11 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 14-февралы