“Кел, үйлөнөлү, жашоо биздики,” – деген сөздү күткөм. Кайчылаш тагдыр…
Окуумду бүтөрүм менен айылдан жумуш чыгып калып, ата-энем биздин жаныбызга эле келип иште деп чакырышты. Чынында жакшы жумуш болгондуктан барып иштеп калдым.
“Баланчанын кызы окуусун бүтүп келиптир, келин кылып алалы”- дегендер көбөйдү. Кыргызда ушундай эмеспи. Жумуштан чыксаң ата-энеси жөнөткөн балдар келип күтүп турушкан болот. А мага бул нерсе жаккан жок.
Ошентип жүрүп Бекжан менен таанышып, жакшы сүйлөшүп кеттик. Көп жактарыбыз окшошуп кетет экен. Ата-энесин жакшы көрүп сыйлаганы өзгөчө жакты. Экөөбүз алдыга көп максаттарды койдук. Акыркы күндөрү үйлөнүү, той жөнүндө көп айта баштады. Күз айында үйлөнөлү десем макул болгон. Эртеси келип: “Апам шаштырып жатат, жакында эле той кылабыз го”, — деди. Жумуштан чыгып үйгө барсам, ата-энеме анын апасы чалып “Жолугалы, келгиле”, — деп чакырып койгон экен. Мынчалык эрте болуп калганына таң калып, Бекжанга чалдым. Ал “Жакшылыктын эрте болгону жакшы, эртең дагы сүйлөшөбүз”, — деп койду. Үйдөгүлөр баарыбыз толкунданып, мен уктай албай койдум.
Ошентип эртеси да болду. Жолугуштук. Жылуу тосуп алышты. Экөөбүздү кийин киресиңер деп өзүнчө отургузду. Бир башкача сезимдер болуп, уялып, тамак жей албай отурам… Бир кезде апасы келип Бекжанды, кичинекей карындашын да чыгарып жиберип сөз баштады.
Мени тааныйсыңбы?
Ооба, — деп күлүп койдум. Чынын айтсам апасынын мамлекеттик кызматта иштегенинен башка эч нерсе билбейт элем.
Менин баламдан башка сүйлөшкөнүң барбы? – деди. Укканыма ишенбей, түшүнбөй туруп калдым.
Биздин үйдө баары мен айткандай аткарылат. Эгерде кетип калсаң, сенин артыңдан жалдырап барып кечирим сурай албайм. Балам сени жакшы көрөт. Бирок, билип кой, ал менин сөзүмдү эки кылбайт. Башка сүйлөшкөнүң бар болсо айт, сенде түнкү саат 12:00гө чейин убакыт бар! — деп чыгып кетти. Шок болуп калдым. Эмнеге минтип айтканын да түшүнбөдүм. Бекжан келип эле:
Эмне болду сага? – деди.
– Эч нерсе.
Апаң ушинтип айтты дей албай койдум. Жакшылык болуп жатса, жаман жакка жооругум келген жок.
Бир кезде бизди чакырышты. Кирсем ата-энемдин көңүлү жоктой, мага билгизбей күлүп коюшту. Көрсө, биздин үй-бүлө жөнүндө мурда эле сураштырып чыгыптыр. Ооба, элдин алдында, артында эмес орто жашайбыз. Мунун эмнеси уят? Бир туугандарым, ата-энем бар, ушунун өзү бакыт. Биздин жашообуз апасына жакпаптыр. Айтканындай ага эч ким каршы сүйлөй албайт экен.
Силердин оюңарды билем мен, 300 кишини ресторанга чакырып, кызыңарга той берели деп жатасыңар да, кыргыздар ушундайсыңар. Мен чет өлкөлүктөрчө той берем, — деди.
Негизи биз тойду жакын арада кылабыз десе, бир аз жылдыралы дегенбиз. Аны укканда: “Туура бир айдан кийин алып кетебиз. Эгерде азыр жок десеңер, кызыңарды болду эч ким албайт, азыр айткыла”, – деди. Ызаланып, ордуман туруп чыгып кетейин дедим, бирок, бизге кошулуп барган туугандарымдан уялдым. Анын үстүнө бир аз ичимдик ичкен экен. Балким кызуулукка алдырып сүйлөп жатабы деп да ойлодук. Апам жини келип, бирок:
Биздин шартыбызды дагы туура түшүнүңүздөр. Бир аз убакыт бергиле, — деп айтып жатканда эле “Сен койчу, Нурбек өзүң эле ооба же жок деп чечип койбойсуңбу”, — деп атама карады.
Акыры биз тарап алардын айткан убактысына макул болушту. Ошондо да токтоп калган жок. Эми чындап эле түшүнгөн жокмун. Ар кайсы сөздүн башын айтып катуулап кирди. Бир сөз менен айтканда болгон өнөрүн көргөзүп жатты.
Өзүн баарынан бийик коюп алганына жиним келди. Жанымда отурган апама карап, кеттик дедим. Алар эки жаш сүйлөшүп калгандан кийин бактысына каршы чыкпайлы деп калышкан экен. Ошол үчүн катуу сүйлөй албай отурушуптур. “Бул сенин жашооң, эгер баланы жакшы көрсөң, жакшылап ойлон”, — дешти. Биз киргенге чейин да көп сөздөрдү сүйлөптүр. Кыскасы, ата-энемди теңине алган жок. Азыр эле ушинтип жатса кийин кандай болот? Бекжанды карасам башын жерге салып отурат. Бир нерсе дебейсиңби десем унчукпайт. Чыдабай кеттим. Ушунчасы жетиштүү болду.
Ошентип той болбой калды. Көрсө, баласына жакшы кызматта иштеген жердин кызын алып бермек экен. А Бекжан болсо ага макул болбой коюптур. Ошол үчүн бардыгын эрте уюштуруп, эрте бүтүрүптүр. Ушунун баарына көз жумуп коюу кыйын болду. Башка шаарга кетип калдым. Оюмда турмушка чыкпайм дедим. Алаксып, жаңы жумуштун үстүндө жүрө бердим.
Бир жылдан кийин кечирим сурап Бекжан чалды. Баарын жаңыдан баштайлы деп, макул болгон жокмун. Көп сөз айткым келди бирок… Анткени, ал ошол күндүн эртеси эле мага чалып, “баары бүттү”- деген эле. А чынында мен андан “кел, үйлөнөлү, жашоо биздики, экөөбүз жашайбыз” – деген сөздү айтат го деп күткөм.
Жакшы күндөр өткөн, бири-бирибизди жакшы көрчүбүз. Баары бир чогуу болобуз деп ойлогом…
Бир жумадан кийин апасы менин апама чалыптыр. Туура эмес кылганын, өзүнүн тилеги ишке ашпай калганын, баласынын ага эч качан каршы чыкпаганын, бир жылдан бери башка адам болуп өзгөргөнүн, үйлөнбөй жатканын айтыптыр. “Кызыңызга чалып, кечирим сурайын десем, телефонумду албай жатат…” Ушундан улам баягы мага айткан сөзүн эстедим, “Кетсең артыңдан барып жалдырабайм”…
Кандай болсо да Бекжанга бакыт кааладым. Экөөбүз үйлөнгөндө деле апасына же мага болуша албай, ортодо кыйналып жашамак…
Жашоодо бардык нерсе болот турбайбы. Жашоо бир орунда токтоп калбай улана берет экен.
Азыр жолдошум экөөбүз эки баланын ата-энеси болуп, үчүнчү наристебиздин төрөлүшүн күтүп жатабыз. Апам эң жакшы адам! Мага анын кызым деп кайрылганы аябай жагат. Өз апамды кандай жакшы көрсөм, кайненемди да ошондой жакшы көрөм.